Редакцияот 24.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2014-жылдын 24-июлу № 26-24/7

Шаардык микроавтобустук маршруттарда жүрүү үчүн тарифтерди көтөрүү жөнүндө.

Каракол шаарынын мэри Р.У.Калыгуловдун 2014-жылдын 30-июнундагы кир.№01-7/369 Каракол шаарындагы микроавтобустук маршруттарда жүрүү үчүн тарифтерди көбөйтүү зарылдыгы жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, күйүүчү-май материалдарынын кымбаттаганына байланыштуу, унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каракол шаарындагы микроавтобустук маршруттарда  жүрүү үчүн 01.09.2014-жылдан баштап төмөнкүдөй тарифтер  бекитилсин:

- жашы боюнча пенсионерлерге- 5 сом;

-12 жашка чейинки  орто мектептердин окуучуларына– 5 сом,  окуучунун күбөлүгүн көрсөтүлсө;

- калган жүргүнчүлөргө- 10 сом.

 2. БББмү 2014-жылдын 5-сентябрына чейин, маршруткаларда көрсөтүү үчүн, мектептердин окуучуларын  күбөлүктөр менен камсыз кылсын.

3. КМЖАнын администрациясы, ар бир айдоочу линияга чыккандыгы үчүн, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсине которула турган сумманы 50 сомдон 70 сомго чейин көбөйтсүн.

4. Шаардык микроавтобустук маршруттардын ишинин сапатын текшерүү максатында,  ММБД, КМЖА, МАИ жана транспорттук инспекция ай сайын биргелешкен рейддерди жүргүзүшсүн.

5. Каракол шаарынын мэриясы    рейддердин жыйынтыктары боюнча,  жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин айдоочулар одоно бузгандыгы үчүн,   линиядан алып   салууга чейинки  тиешелүү чараларды   көрсүн.

6. Каракол шаарынын мэриясы бир айлык мөөнөттүн ичинде «Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери жөнүндөгү» Жобону иштеп чыгып, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.

7. 20-июль 2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн

8. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестерине киргизүү үчүн областтык юстиция  башкармасына  жиберилсин.

9. Токтом ММКларга жарыялансын.

10. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин  жүргүзүү унаа, жолдор, энергетика, турак жай, муниципалдык жана коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына (Э.А.Айсаракунов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.

 

Тѳрага:

У.Турсунбаев