Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-июлу № 26-24/8
Ц-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги
түрлөрүнүн тизмегине толуктоо киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын тургуну С.Осекованын 06.11.2013-жылдагы кир.№01-9/316 жер тилкесин бир зонадан экинчи зонага которуу жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, 21.05.2014-жылдагы кир.№01-7/289 Каракол шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын сунушун, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ц-1 зонасынын (шаардын борборундагы коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк зона) уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануу түрлөрүнүн тизмегине – Каракол шаарынын Алыбаков атн.көчөсүнүн №223 дарегинде жайгашкан, аянты 700.0кв.м чейинки кампалык жай киргизилсин.
1. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы:
2. Каракол шаарынын жерди пайдалануу жана курулуш боюнча Эрежесине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин; ушул токтомдо белгиленген объектини максаттуу пайдаланышын кыйшаюуусуз аткарылышына көзөмөлдү камсыз кылсын.
3. КЧжЭсине ылайык, С.Осекова Каракол шаарындагы жерди пайдалануу жана курулуш боюнча эрежелерди сактасын.
4. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармасына жиберилсин .
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Тѳрага: | У.Турсунбаев |