Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 20/64
Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол Кайгуул Кызматы (ЖКК) бөлүмчөсүнүн жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча 2014–жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2014–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кенештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол Кайгуул Кызматы (ЖКК) бөлүмчөсүнүн жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча 2014–жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Милдетендирилсин Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына шаардык кеңештин транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда эки айлык мөөнөттө шаардык ички иштер бөлүмүнүн Жол Кайгуул Кызматы (ЖКК) бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин сунушу боюнча шаарда жол коопсуздугун камсыз кылуу багытында жүргүзүлүүчү иштердин жол картасын схемаларын сызуу менен даярдап шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна алып чыгуу жагы.
3. Милдетендирилсин Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментине шаарда жол коопсуздугун камсыз кылууга зарыл болуп жетишпеген жол чырактарды (светофорлорду), жол белгилерин орнотуу жана алардын дайыма оң абалда болуусун камсыз кылуу жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |