Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 20/65
Кызыл–Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо инспекциясынын 2013–жылда жана 2014–жылдын 1–кварталында аткарган иш–чаралары боюнча маалыматы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, шаар калкынын саламаттыгын сактоого камкордукту камсыз кылуу, жугуштуу оорулардын таркашына бөгөт коюу, шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2013–жылда жана 2014–жылдын 1–кварталында аткарган иш–чаралары боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Милдеттендирилсин шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык–эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна шаар калкынын саламаттыгын сактоону камсыз кылуу, жугуштуу оорулардын алдын алуу, алардын таркашына бөгөт коюу багытында толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы.
3. Кызыл–Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын 2013–жылда жана 2014–жылдын 2–кварталында аткарган иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
4. Кызыл–Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздукту сактоо инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын башкы адиси А.Исмайловко шаардагы АТОлорго шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине жакындан жардам берүү жагы тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |