Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 20/66
Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты Ж. Калматовдyн 2014–жылдын 29–апрелинде шаардык кенешке кириш болуп катталган “Кызыл–Кыя шаарында ижарага берилүүчү жерлердин акысын белгилөөчү К4–коэффициентинин маанисин төмөндөтүп, жалпы шаар боюнча бардык зоналарга бирдей, 5,0 өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө” кайрылуу каты тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени шаардык кеңештин сесссиясына сунуштоо боюнча чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджети кабыл алынып, бюджеттин киреше бөлүгүндө шаардын муниципалдык менчигиндеги жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акынын суммасы бекитилип калгандыгына байланыштуу, Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты Ж.Калматовдyн “Кызыл–Кыя шаарында ижарага берилүүчү жерлердин акысын белгилөөчү К4–коэффициентинин маанисин төмөндөтүп, жалпы шаар боюнча бардык зоналарга бирдей, 5,0 өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө” кайрылуусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына 2014–жылдын октябрь айына чейин шаарда ижарага берилүүчү жерлердин акысын белгилөөчү К4–коэффициентинин мааниси боюнча сунушту шаардык кеңешке берүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |