Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 20/67
Кызыл–Кыя шаарынын Молодежная көчөсүнүн ижарачыларынын 2014–жылдын 23–майында шаардык кенешке кириш болуп катталган “Жер тилкелеринин аренда акысынын суммасын кыскартып берүү жөнүндө” арызы тууралуу
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маселени шаардык кеңештин сесссиясына сунуштоо боюнча чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджети кабыл алынып, бюджеттин киреше бөлүгүндө шаардын муниципалдык менчигиндеги жерлерди ижарага берүүдөн түшүүчү ижара акынын суммасы бекитилип калгандыгына байланыштуу, Кызыл–Кыя шаарынын Молодежная көчөсүнүн ижарачыларынын “Аренда акысынын суммасын кыскартып берүү жөнүндө” арызы канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына 2014–жылдын октябрь айына чейин шаарда ижарага берилүүчү жерлердин акысын белгилөөчү К4–коэффициентинин мааниси боюнча сунушту шаардык кеңешке берүү жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |