Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июну № 20/68
Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2014–жылга жергиликтүү бюджети жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финасы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык дене–тарбия жана спорт бөлүмүнүн аппаратынын 22221200 “Башка чыгымдар” статясынан 20,0 миң сом кыскартылып, 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясына 20,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кызыл–Кыя шаардык социалдык өнугүү башкармалыгынын 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статясынан 15,0 миң сом, 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясынан 9,0 миң сом кыскартылып, 22321100 “Электр энергияга төлөмдөр” статьясына 21,0 миң сомго жана 22122100 “Байланыш” статьясына 3,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
3. Кызыл–Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 60,0 миң сом көбөйтүслүн, Экономикалык бөлүкчөнүн 311 “Активдер” статьясынан 60,0 миң сомго кыскартылсын.
4. Кызыл–Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын 3111 “Активдер жана милдеттенмелер” статьясына 250,0 миң сомго көбөйтүлсүн, Экономикалык бөлүкчөнүн 311 “Активдер” статьясынан 250,0 миң сомго кыскартылсын.
5. Кызыл–Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын 22122100 “Байланышка толомдор” статьясынан 13,0 мин сомго кыскартылсын, 22321100 “Электр энергия толомдор” статьясына 13,0 мин сомго кобойтулсун.
6. Караван аймактык башкармалыгындагы “Чабалекей” балдар бакчасына кошумча жумуштарга түзүлгөн сметада суралган акча каражаты шаардык мэриянын алдындагы ММД аркылуу текшерилип, такталгандан кийин Экономикалык бөлүкчөнүн 311 “Активдер” статьясынан 406,8 миң сомго кыскартылып, “Караван” аймактык башкармалыгынын 3111 “Активдер жана милдеттемелер” статьясына 406,8 мин сомго көбөйтүлсүн.
7. Кызыл–Кыя ШИИБнун түзгөн сметасын ММД текшерип, тактагандан кийин ММДнын 3111 “Активдер” статьясынан 388,6 миң сомго кыскартылып, ШИИБнүн 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясына 388,6 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
8. Кызыл–Кыя шаарынын билим берүү бөлүмүнүн 2211 “Сапардама чыгымдар” статьясына 200,0 миң сомго, 22321100 “Электр энергия төлөмдөр” статьясына 230,0 миң сомго, 22331100 “Жылуулукка төлөмдөр” статьясына 30,0 миң сомго, 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 50,0 миң сомго, 22221200 “Башка чыгымдарды алуу” статьясына 50,0 миң сомго, 2217 “Дары дармектерди алуу” статьясына 60,0 миң сомго, 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясына 30,0 миң сомго, 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статьясына 50,0 миң сомго жана 2218 “Тамак аш” статьясына 3900,0 мин сомго көбөйтүлсүн, Экономикалык бөлүкчөнүн 311 “Активдер” статьясынан 4600,0 миң сомго кыскартылсын.
9. Кызыл–Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгынын 3111 “Активдер” статьясынан 450,0 миң сомго кыскартылып, 3112 “Активдер” статьясынан 450,0 миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
10. Кызыл–Кыя шаардык мэриясынын 2211 “Сапардама” статьясынан 60,0 миң сомго жана 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 20,0 миң сомго кыскартылсын, 2214 “Транспорттук чыгым” статьясына 30,0 миң сом, 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 30,0 миң сомго жана 22122100 “Байланыш төлөмдөр” статьясына 20,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
11. Кызыл–Кыя шаардык мэриясынын 22154900 “Башка чыгымдар” статьясы 200,0 миң сомго көбөйтүлсүн жана Экономикалык бөлүкчөнүн 311 “Активдер” статьясынан 200,0 миң сомго кыскартылсын.
12. Кызыл–Кыя шаардык кеңештин 22211100 “Учурдагы оңдоо” статьясынан 70,0 миң сомго кыскартылсын, 22154900 “Башка чыгымдар” статьясына 20,0 миң сомго, 22221100 “Эмеректерди сатып алуу” статьясына 15,0 миң сомго, 2221 “Сапардама” статьясына 35,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |