Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-апрели № 36/11-26
“Юрьевка” таза суу колдонуучулар бирикмесинин
2014-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
“Юрьевка” таза суу колдонуучулар бирикмесинин бухгалтери Т.К.Тыщенконун 2014-жылга карата бюджетинин долбоорун карап жана талкуулап Юрьевка айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Юрьевка” таза суу колдонуучулар бирикмесинин 2014-жылга карата бюджети кирешелер бөлүгү 763 823 сомго, чыгаша бөлүгү 763 823 сомго бекитилсин.
2. Таза сууну максатсыз пайдаланууга (сугатка пайдалануу жана агызуу), суу төлөмүн төлөбөгөндөргө жана уруксатсыз сууну киргизгендерге 1000 сом айып пулун төлөө бекитилсин.
3. Борбордук тутумунан суу киргизүү акысы 1000 сомго, ал эми эски тутумдан суу киргизүү 500 сомго бекитилсин.
4. Токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылардын тизмесине киргизүү айыл өкмөттүн жоопту катчысына жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө айылдык кеңешинин бюдже жана каржа боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Эминов |