Загрузка документа…
ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 76-V
Жайыт комитетинин 2014-жылга карата
жайыт колдонуучулардын мал башына
төлөм акыларын жана бюджетин
бекитүү жөнүндө
Юрьевка айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде жайыт колдонуучулардын мал башына төлөмдөрүн бекитүүсүн талкуулап Юрьевка айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитеттин 2014-жылга карата түзгөн бюджети 211,216 сомго бекитилсин.
2. Жайыт комитети сунуштаган мал башына төлөмдөр төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
Ири мүйүздүү бодо мал башына -80 сом
Жылкы башына -80 сом
Тай, торпок башына -56 сом
Кой, эчки башына -16 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлүндө айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Юрьевка айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Эминов |