Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 62/XIV-26
Кант шаарынын 2014-2017-жылдарга Стратегиялык туруктуу өнүгүүсүн бекитүү.
Кант шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 29-мартындагы № 18/IV-26 токтомуна ылайык, жумушчу топтун 2013-2017- жылдарга Кант шаарын өнүктүрүүдөгү стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча өткөрүлгөн иш чарасынын жыйынтыгынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2017-жылдарга Кант шаарынын Стратегиялык туруктуу өнүгүүсү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кант шаардык мэриясы:
- Кант шаарынын 2014-2017-жылдарга Стратегиялык туруктуу өнүгүүсүнүн реализациалоо планын даярдашсын;
- Кант шаарынын 2014-2017-жылдарга Стратегиялык туруктуу өнүгүүсүнүн реализациалоо планынынын жыйынтыгынын негизинде отчет тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.К.Шайлдабеков |