Загрузка документа…
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-марты № 76-V
Кант шаарынын мэриясынын 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31 – беренесинин негизинде, Кант шаарынын мэри Э. Абдрахмановдун, Кант шаарынын мэриясынын каржы экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси – Р.К.Самакованын “Кант шаарынын мэриясынын 2013-жылдык бюджетинин аткарылышы, Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндөгү” билдирүүлөрүн угуп
КАНТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кант шаарынын мэриясынын 2013-жылда киреше бөлүмүнүн суммасы 185761,9 миң сом, чыгаша бөлүмүнүн суммасы 150712,2 миң сом, жыл аягына каражат калдыгы 75892,3 миң сом, анын ичинде бюджеттик каражат 71416,3 миң сом, атайын каражат 4475,9 миң сом, мектептерге каралган каражаттарды эсепке алуу менен эске алынсын.
2. Кант шаарынын мэриясынын 2014-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмүнө 173336,0 сом бекитилсин, анын ичинен:
- бюджеттик каражат – 166036,0 миң сом;
- атайын каражат – 7300, 0 миң сом.
3. Кант шаарынын 2015-2016 -жылдарга бюджетинин негизги параметрлери боюнча болжолу жактырылсын:
- 2015-жылга кирешенин жана чыгашанын болжолунун суммасы – 188066,0 миң сом, 2016-жылдын божомолунун суммасы – 208337,0 миң сом.;
- шаардын бюджетинин 2015-2016-жылга карата жактырылган болжолдун параметрлерин кабыл алууда конкреттүү мезгилге жараша такталып турууга жатат.
4. Кант шаарынын бюджетинин 2014-жылга карата киреше бөлүмү такталсын жана 2015-2016-жылдарга бюджеттин болжолдорунун түшүү булактары № 1 тиркеменин негизинде толукталсын.
5. Шаардык бюджеттин эсебинен 2014-жылга чыгашаларды каржылоо каражаттары № 2-13 тиркемеге ылайык аныкталсын.
6. 2014-жылга чыгашаларды каржылоо даана алынган кирешелердин чегинде аныкталсын. Биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашалар (эмгек акы, соц.фондго төлөмдөр, дары-дармектер, тамак-аш ) жана коммуналдык төлөмдөр каржылансын.
7. Штаттык сандагы бош орундардын азайып же көбөйүшү муниципиалдык мекемелерде кабыл алынган нормативтик актыларга байланыштуу, корголгон беренелердин чыгашалары азайып же көбөйүшү мүмкүн.
8. Чыгаша беренесин максаттуу колдонуу жоопкерчилиги муниципиалдык мекемелерге жана уюмдарга жүктөлсүн.
9. 2013-жылдагы толук каржыланбай калган чыгашалар, 2014-жылдын бюджетинде каралган, бөлүнгөн каражатка жараша (ассигнованиянын чегинде) жана анын эсебинде компенсацияласын.
10. 2014-жылы Кант шаарынын мэриясынын шаардык бюджетине салык агенттеринин жеке киреше салыгынын нормативтик түшүүлөрү 50% пайыз чегинде, сатуудан түшкөн салык 50% пайыз болуп бекитилсин.
11. Муниципиалдык мекемелердин кирешелери, бюджеттик каражаттарынан жана атайын каражаттарынын сметасынан ашык түшкөн каражаттар толугу менен шаардык бюджеттин карамагында караштырылсын.
12. Муниципиалдык уюмдарга жана мекемелерге бюджеттик жана атайын каражаттарды казына тутмунан өтүп пайдаланууга тыюу салынсын.
13. Кант шарынын мэрине ашык божолдонгон кирешелердин түшүшүнө, кирешенин чыгашадан көп болушуна байланыштуу, 2014-жылга бекитилген бюджетке өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу Кант шаарынын Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен берилсин.
14. 2014-жылга шаардык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 1% пайызга чейинки чекте, Кант шаардык мэринин резервтик фонду 1000,0 миң. сом суммасында түзүлсүн.
15. Кант шаарынын мэриясынын каржы-экономикалык өнүгүү бөлүмүнө шаардык бюджетин аткаруу процессинде киреше бөлүмүн ашык аткаруудан түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президенти койгон социалдык маселелерди чечүүгө мамлекеттик жана улуттук программаларын ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын токтомдоруна, райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык кеңештин жана шаардык мэриянын токтомдоруна муниципиалдык кызматкерлерин сыйлоого демилге берүүгө, коммуналдык тейлөөлөрдөгү карыздарды төлөөгө, керек болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга, ЖӨБОна убактылуу каржылык жардам берүүгө жана башка чыгымдарды жумшоого каралсын.
16. Кант шаардык мэриясынын каржы-экономикалык өнүгүү бөлүмү, Кант шаарынын мэринин (Э.Абдрахманов) макулдугу менен:
- муниципиалдык кызматкерлеринин жана мэриянын жумушчуларынын эмгегин стимулдаштырууга жана социалдык колдоо көрсөтүүгө бош калган каржылардын эсебинен кредиттерди көбөйтүүгө жол берилсин;
- жыл башында бош калган каржы каражаттардын эсебинен 5 айлык маянанын өлчөмүндөгү эмгек акы (жарым жылдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча Нооруз, КРнын Эгемендүүлүк Күнү, ЖӨӨБ Күнү) төлөп берүү каралсын.
17. Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн жашоо-тиричилигин жакшыртуу максатында, арыздардын келип түшүшүнө жана турмуш-тиричилиги изилденгенден кийин 1000 сом эсебинде материалдык жардам көргөзүлсүн, ал эми катаал шарттарда каржылоо шартка жараша көбөйтүлсүн.
18. Жеңилдик берилген категориядагы жарандарды куттуктоого 1000 сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүлсүн.
19. Көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана шаардын коомдук турмушуна катышууга, эл менен иштөөгө көрсөткөн жардамдары үчүн, өзүн-өзү башкаруунун аймактык органдарынын төрагаларына, аксакалдар сотунун төрагасына жана мүчөлөрүнө келишимдин негизинде ай сайын сыйлоо көрсөтүлсүн жана сыйлоо көлөмү өткөн жылдын ар кварталдык чегинде № 4-15- тиркемеге ылайык белгиленсин.
20. Өндүрүштүк керектөөлөргө байланыштуу Кант шаарынын мэриясынын аппараты үчүн алынган “Тайота Кэмри” маркасындагы мамлекеттик № 55-77 SK автомашинасын Кант шаардык Кеңешинин төрагасына, күйүүчү-майлоочу майлары менен 100% пайыз жана керектүү запастык бөлүктөрү, ошондой эле башка транспорттук тейлөөлөрү менен 2014 - бюджеттик жылга пайдаланууга берилсин.
21. Башкы адис – юрист (Н.Асанкожоева) Кант шаардык Кеңешинин жоопту катчысы (Д.Ш.Байсалова) менен бирдикте автомашинаны убактылуу пайдаланууга берүүгө керектүү иш-кагаздары мыйзамдын негизинде даярдалсын.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кант шаарынын мэрине шаардык бюджеттин эсебинен сыйлоо жана кызматтык эмгек акыны бекитүү, муниципиалдык кызматкерлерге жана жумушчуларга кошумча эмгек акы чектөө укугу сакталсын.
23. Кант шаарынын мэриясы Кант шаардык Кеңешинин 23 - декабрь 2013-жылдагы № 58 / X11 – 26 токтомунун негизинде, Кант шаарынын аймагына милициянын опорный пунктун коюуга жайгашкан жерин тактап, жыл башынан бош калган каржы каражаттарынын эсебинен жана коммуналдык төлөмдөрү менен каражат каралсын.
24. Кант шаардык мэриясынын жана Кант шаардык Кеңешинин аппараттык кызматкерлеринин жана жумушчулардын эмгегин стимулдаштыруу максатында жыл башында бош калган каржы каражаттарынын эсебинен тамак-аш үчүн күнүнө 100 сом төлөнүп берилсин.
25. № 1 жатаканасынын кызматкерлеринин эмгегин стимулдаштыруу максатында, атайын эсеп менен бюджеттик эсептин деңгээлинде эмгек акы төлөнүп берилсин.
26. Кант шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жана балдар патранаттык көнүгүү борборунда жергиликтүү бюджеттен тамак-ашка карата норматив 2013-жылдын деңгээлинде калтырылсын.
27. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кант шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына (Д.Исаев) жүктөлсүн.
Тѳрага: | А.К.Шайлдабеков |