Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-апрели № 7
Кара-Суу айылдык аймагынын Чыныке бийдин күмбөзүнөн МТФга чейинки көчөнүн атына Токтогазиев Шүкүрбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Эл Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кенеши Кара-Суу айылынын жашоочусу Токтогазиев Сагынбектин арызын карап чыгып жана талкуулап
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын жашоочусу Токтогазиев Сагынбектин арызы канааттандырылып, Чыныке бийдин күмбөзүнөн МТФга чейинки көчөнүн атына Токтогазиев Шүкүрбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгына жашылдандырылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Токтогазиев Сагынбектин үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин тѳрайымы: |
Н.Курманалиева |