Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-апрели № 9
Кара-Суу айылдык аймагынын Данбагар мечитинен эски жайды бойлоп Самсиев Жаныбекке чейинки аты жок көчөгө Кабылов Турарбектин атын ыйгаруу жөнүндө.
Эл Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кенеши Кара-Суу айылынын жашоочусу Кабылов Чыңгыздын арызын карап чыгып жана талкуулап
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылынын жашоочусу Кабылов Чыңгыздын арызы канааттандырылып, Данбагар мечитинен эски жайды бойлоп Самсиев Жаныбекке чейинки аты жок көчөгө Кабылов Турарбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгына жашылдандырылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кабылов Чыңгыздын үй-бүлөсүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин тѳрайымы: |
Н.Курманалиева |