Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-апрели № 11
“Кара-Суу айылы боюнча малчылардын мал багуу акысы жана жоопкерчилиги тууралуу”
Кара Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечиминин жана Кара Суу айылдык жайыт комитетинин малчылар менен өткөрүлгөн жыйынынын чечимине таянуу менен Эл депутаттарнын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылы боюнча мал алып багуучулар үчүн кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
1) Кой, эчкилерге – 1 айга башына 50 сом, тузу, жайыт акысы, кой мончо ичинде,калган айлары 40 сом.
2) Уй - башына 350 сом, жайыт акысы ичинде;
3) Жылкы – 400 сом, жайыт акысы ичинде;
4) Саан бээ – өз ара келишим боюнча .
2. Мал өлсө тез арада мал ээсине кабарлоо жана жеткирип берүү, жоголсо төлөп берүү малчыларга милдеттендирилсин.
3. Мал баккан адамдар малы жеке чарбалардын үлүш жерине, огородуна түшсө жылкы, уй баласы үчүн ар башына 500 сом, кой башына 200 сом, теректер аарчылса жана зыян келтирилсе түшүмдү төлөөгө милдеттендирилсин.
4. Малчыларды жайлоого көчүрүү жана жайлоодон жакага көчүрүү мөөнөтүн аныктоо жана иш жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасы У.Баратовго жана Кара-Суу айыл аймагынын адиси Н.Иманбековго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин тѳрайымы: |
Н.Курманалиева |