Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 9-апрели № 12
Кайра бөлүштүрүү фондусунун
жерлерин арендага берүү
жөнүндө.
Эл Депутаттарынын Кара Суу айылдык аймактык Кеңеши кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин арендага берүү боюнча маселени талкуулап
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлериндеги 31 га жерди аукцион жолу менен арендага 5 жылга берилсин.
2. Аукционго коюлуучу 31га жердин 15га жер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилсин жана старттык баасы 2000 сомдон башталсын
3. Аукционго коюулган 16га жердин старттык баасы 5000 сомдон башталсын.
4. Кайра бөлүштүрүү фондусунун 6,5 га жердин 5,5га жерин мектепте иштеген жаш мугалимдерге берилсин жана түшкөн акча аренда акысы мектептин материалдык техникалык базасын чыңдоого жумшалсын.
1,0га жерди спорт залдын тренери Береналиев Эрниске берилсин жана түшкөн каражат балдардын спорттук иш-чараларына керектөөгө жумшалсын.
5. Жарандардан түшкөн арыздарды кабыл алуу жана баштапкы төлөмдөрүн чогултуу Кара Суу айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Ш.Асбердиевага милдеттендирилсин.
6. Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин арендага берүү боюнча келишим түзүү жана чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Сулаймановго милдеттендирилсин
Кара-Суу айылдык аймактык кеңештин тѳрайымы: |
Н.Курманалиева |