Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 15-июлу № 7/7
Айдаркен шаарынын аймагындагы
дукондордун, кафе, эс алуучу жайлардын
иштоо убактысын жана дукондордогу
алкоголдук ичимдиктерди сатуу боюнча
убакыттарды чектоо жонундо
Шаар аймагында ар турдуу мааракелерде ашыкча ысырапкерчиликке жол бербоо жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу, сейрек турмуш образын пропогандалоо максатында шаар мэрии М.Мукумовдун кайрылуу катын карап чыгып, талкуулап, депутаттардын сунушун эске алып Айдаркен шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар аймагындагы кафелер жана эс алуучу жайлардын иштоо убактысы, жана ар кандай той мааракелерди откоруу саат 22.00го чейин чектелсин.
2. Азык тулук дукондорунун иштоо мооноту эрте мененки саат 8.00ден кечки саат 20.00го чейин белгиленсин жана спиртик ичимдиктер саат 20.00ден кийин сатылбасын.
3. Соода туйундорундо жашы жете элек оспурумдорго алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынсын.
4. Токтомдо корсотулгон чечимге баш ийбеген той ээлерине 10 000 сом олчомундо штраф мэриянын казынасына толоо белгиленсин.
5. 2-3 пунктагы корсотулгон чечим боюнча аткаруудан баш тарткан дукон ээлерине 5 000 сом олчомундогу штраф белгиленсин (мэриянын казынасына).
6. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Айдаркен шаардык мэриясына жана шаардык ички иштер болумуно жуктолсун.
Айдаркен шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Гайназаров |