Загрузка документа…
ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-февралы № 3
Айыл өкмөтүндөгү 7% кредит таратуу боюнча иш кагаздарын жүргүзүп жаткан Умбеталиева Тынымбүбүгө концтовары үчүн 5 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Осмонбеков Жактыбекке айыл өкмөтүндө электрик болуп жумушка кабыл алгандына байлагныштуу эмгек маянасын айына 2000 сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.
Таза сууга төлөнүчө төлөмдөр 2013-жылдан баштап ай сайын 50 сомдон бир жылга 600 сом ар бир түтүнгө төлөнсүн.
Айыл өкмөтүнүн охраник жана техничкасына эмгек маянасы 1500 сомдон төлөнүп берилсин.
Шадыкан айыл өкмөтүнүн Касымбай көчөсүнүн 4 жааматынан келген кайрылуу катка Бакай-Ата РЭСке кат жөнөтүлсүн.
Касымбай көчөсүнүн башындагы көпүрө селден кийин тазаланбай азыркы күндө тоң эрибей, көчөлорго суу каптап жатат, ошол маселени чечүү үчүн АВПга жана айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
Шадыкан айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Т.Байгончоков |