Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-апрели № 8
“Кен-Арал айылдык аймагындагы
стадион жөнүндө”
Кең-Арал айылдык Кенешинин 38-чакырылышындагы 4-сессиясынын Кеңешмесинде айыл өкмөт башчысы Акмат кызы Махабаттын айылдык стадионду капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн стадионун капиталдык ремонттон өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Акмат кызы махабатка тапшырылсын.
3. Стадионду капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3477,22 сомду түзгөндүгү бекитилсин.
4. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салым 477,220 (төрт жүз жетимиш жети миң эки жүз жыйырма) сомду түзүп анын ичинен нак акча түрүндө 245,000 сом(эки жүз кырк беш миң) сому айыл окмотунун юридикалык жер салыгынан которулсун.
5. Мындан сырткары,оздук салымдын калганы 232,220 (эки жүз отуз эки миң эки жүз жыйырма) сом эмгек ресурстары менен камсыз кылынсын.
6. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | И.Изаканов |