Редакцияот 21.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кен-Арал айылдык аймактык  Кенешинин 38-чакырылышынын кезектеги  5-сессиясы

2013-жылдын 21-июну № 13

Кең-Арал айылдык аймагынын башчысы Акмат кызы Махабатка

ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө

Кең-Арал айылдык кеңешинин депутаттары Кең-Арал айыл аймагынын башчысы акмат кызы махабаттын 2013-жылдын биринчи кварталынын жана 21-июнга чейин жасалган иштери боюнча отчетун угуп,финансы жана экономикалык көрсөткүчтөрүнүн пландан артта калгандыгына байланыштуу, чыгаша жана киреше бюджетттеринин тийиштүү  деңгээлде аткарылбагандыгына жана эмгек  тартибинин төмөн деңгээлде болгондуктан,Кең-Арал айылдык кеңешиинин 38-чакырылышынын 5-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл аймагынын башчысы Акмат кызы Махабатка ишеним көрсөтүлбөсүн.

2. Кең-Арал айыл аймагынын башчысы Акмат кызы Махабатты кызматтан четтетүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы У.Тынысовго сунушталсын.

 

Кең-Арал айылдык аймактык

кеңешинин төрагасы:

 

И.Изаканов