ТоктомКүчүндө

Кең-Арал айылдык кеңешинин 2013-жылдын 13-декабрындагы № 16 «Кабыл алуу-өткөрүү комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция13.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кен-Арал айылдык аймактык Кенешинин 38-чакырылышынын кезектеги  6-сессиясы

2013-жылдын 13-декабры № 16

Кабыл алуу-өткөрүү комиссиясын түзүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кен-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 12.12.2013жылы Темирбеков Бекмурат Сатыбалдиевич шайлангандыгынын негизинде КеңАрал айыл өкмөтүнүн акча каражаты,негизги каражаттарын,материалдык байлыктарын Акмат кызы Махабаттан өткөрүп алуу комиссиясы төмөнкү курамда түзүлсүн:

Комиссиянын төрагасы: Токторалиев Аскат

Комиссиянын мүчөлөрү:

Абдылдаева Гүлмая

Бейшеналиева Нуржамал

Жаманкулов Бузурман

Шабданов Айдар

2. Комиссия кабыл алууну жана өткөрүүнү акт түзүүнүн негизинде өткөрүлсүн

Кабыл алуучу: Темирбеков Б.С.

Өткөрүүчү: Акмат кызы Махабат.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  айылдык кеңешине  жүктөлсүн.

 

Кең-Арал айылдык аймактык

кеңешинин төрагасы:

 

И.Изаканов