Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июну №1
Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы байланыш бөлүмүн башка жакка которуу үчүн 0,05 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн башчысы О.Жолдошовдун сөзүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы байланыш бөлүмүнүн эскилиги жетип, кулап калуу коркунучунда болгондугуна байланыштуу башка жакка которуу үчүн 0,05 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2.Жаңы курула турган байланыш бөлүмүнүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук архитектура жана шаар курулуш, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун ишке ашырылышын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Т.Шавкановко милдеттендирилсин.
Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин төрагасы |
Жамгырчиев А.А |