Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-июну №3
Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын айылдарынын ичиндеги Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын балансында турган бош жаткан жерлерди Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын айылдарынын ичиндеги Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын балансында турган бош жаткан жерлерди Кызыл- Үңкүр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жагы Кызыл-Үңкүр токой чарбасынан суралсын.
2.Токтомдун ишке ашырылышын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнун жер адиси Т.Шавкановко милдеттендирилсин.
Кызыл-Үңкүр айылдык кенешинин төрагасы |
Жамгырчиев А.А |