Загрузка документа…
НУРМАМБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-июлу № 55/Х-26
Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү
жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесине ылайык Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин
2.Нурманбет айыл өкмөтүнүн аппаратына:
-Уставдын кабыл алынган редакциясын элге тааныштыруу максатында Уставдын көчүрмөсү маалымат тактайларында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын веб-сайттарында жайгаштырылсын
-бул токтом уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек аймактык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
3.Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айылдык кеңешинин тартип жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Мусакеев |