Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № 01-01/96
«Муниципалдык менчик
объектилердин реестрин
бекитүү жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы, муниципалдык менчиктеги объектилердин реестрин бекитүү боюнча, шаардык мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Осоровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунтунун 5-пунктчасына жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктуна ылайык
1. Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчик объектилеринин реестри, шаардык мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Осоров сунуштаган формада бекитилсин.
2. Кочкор-Ата шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында жайгашкан муниципалдык мүлккө таандык болгон көчөлөрдүн санын, жолдордун узундугун, коомдук сейил бактардын аянттарын жана муниципалдык мүлккө тиешелүү болгон жер тилкелерин инвентаризациялап 2014-жылдын 1-сентябрына шаардык Кеңештин сессиясына алып чыгууну муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Осоровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин Кыргызстан социал-демократтар партиясы фракциясынын депутаты К.Т.Абдраманов жетектеген «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы: | Б.Артыков. |