Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 28/12-7
«Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Чолпон-Ата шаардык Кенешинин «Депутаттык этика, мыйзамдуулук жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» комиссиясынын отурумунун бүтүмүн карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чолпон-Ата шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы №2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу бекитилсин.
3. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын юридикалык дареги, банктык эсеп кысап счеттору өзгөртүүсүз калтырылсын.
4.Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. «Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосун» мамлекеттик каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
6.Токтом шаардык Кеңештин нормативдик актыларды каттоо реестрине катталсын.
7.Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
8.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Депутаттык этика,мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча» комиссиясына тапшырылсын.
Чолпон-Ата шаардык кеӊешинин төрагасы |
Б.Иманбеков
|