Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 3
«Шаардын тазалыгы, кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жγргγзгѳн иштери жѳнγндѳ»
Шаардын тазалыгы, кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жγргγзгѳн иштери тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Ѳнѳр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы, депутат М.Кыдыршаевдин маалыматын жана чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 19- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын тазалыгы, кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жγргγзгѳн иштери тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Ѳнѳр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы, депутат М.Кыдыршаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Муниципалдык менчик департаментине (Н.Шамурзаев):
- Шаардын жана шаарчалардын ичиндеги таштандыларды ѳз убагында график боюнча алууга жетишγγ;
- Кѳчѳ жээктеринин, арыктардын тазалыгын кѳзѳмѳлдѳѳ, жаны олтургузулган кѳчѳттѳрдγн куурап калуусуна жол бербѳѳгѳ жетишγγ, убагында суугарып туруу, малга жедирбѳѳ;
- Шаардагы жана шаарчалардагы тротуарлардын жана ички жолдордун чункурларын ондоп тγзѳѳ иштерин колго алуу;
- Эс алуу бактарына кѳбγрѳѳк кѳнγл бѳлγγ, картайган дарактардын ордуна жаш кѳчѳттѳрдγ олтургузууну колго алуу;
- “Курулуш” кичи райондогу эс алуу багын (сквер) муниципалдык менчик департаментинин балансына алуу жана бак – дарактарды жандандыруу:
- Шаардагы жана шаарчалардагы тγнкγ жарык берγγчγ прожекторлорду ѳз калыбына келтирγγ;
- Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кенешинин 25-чакырылышынын 03.06.2011-жылдагы кезектеги 18-сессиясынын №3 токтомунун 3-пунктунун “”Салтанат” жаштар γйγнγн алдындагы бакты коргондоп, эс алуу багын уюштуруу” жѳнγндѳгγ 6-подпункттун аткарылышын камсыз кылуу.
3. Шаардык мэрияга милдеттендирилсин:
- Депутаттык комиссияга маалыматтарды туура жана толук, ѳз убагында берγγ;
- Шаардын тазалыгы, жашылдандыруу, кѳрктѳндγрγγ иштерин жγргγзγγ боюнча Муниципалдык Менчик Департаменти менен аймактык башкармалыктар биргеликте реалдуу иш чараларды иштеп чыгып, тыгыз байланышта иш алып баруусун кѳзѳмѳлдѳѳ, координациялоо, алардын аткара турган иштерин так аныктап, бѳлγштγрγп берγγ ишин кγчѳтγγ;
- Шаардык депутаттар Кенешинин кийинки кезектеги сессиясына КР МЭГИ Кара-Кѳл, Таш-Кѳмγр, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча башкармалыктын башкы адиси Э.Абдыкадыровдун катышуусун камсыз кылуу;
- Жогорудагы белгиленген иштердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышы боюнча шаардык Кеңештин кийинки кезектеги сессиясында маалымат берγγ жагы.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Ѳнѳр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кыдыршаев) жγктѳлсγн.
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин тѳрагасы: |
Кулдышев М.С. |