Загрузка документа…
ТАШ-КΓМYР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 4
«Жаш ѳспγрγмдѳр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бѳлγмγнγн алдындагы жашы жете элек ѳспγрγмдѳр менен иш алып баруучу инспекциясынын, социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын γй-бγлѳ жана балдарды колдоо бѳлγмγнγн жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери жѳнγндѳ»
Жаш ѳспγрγмдѳр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бѳлγмγнγн алдындагы жашы жете элек ѳспγрγмдѳр менен иш алып баруучу инспекциясынын, социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын γй-бγлѳ жана балдарды колдоо бѳлγмγнγн жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын сын пикирлерин, алымча кошумчаларын угуп жана талкуулап, Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI - чакырылышынын кезектеги 19 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаш ѳспγрγмдѳр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бѳлγмγнγн алдындагы жашы жете элек ѳспγрγмдѳр менен иш алып баруучу инспекциясынын, социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын γй-бγлѳ жана балдарды колдоо бѳлγмγнγн жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жаш ѳспγрγмдѳр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча шаардык ички иштер бѳлγмγнγн алдындагы жашы жете элек ѳспγрγмдѳр менен иш алып баруучу инспекциясынын жана шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Жаш ѳспγрγмдѳр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын γй-бγлѳ жана балдарды колдоо бѳлγмγнγн иштери канааттандырарлык эмес деп белгиленсин.
4. Шаардык мэрияга жана шаардык ички иштер бѳлγмγнѳ:
· Шаардык мэриянын 2013-жылдын 26-июнундагы № 100 буйругунун негизинде тγзγлгѳн балдар иштери боюнча комиссиянын жана социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын γй-бγлѳ жана балдарды колдоо бѳлγмγнγн ишин кγчѳтγγ;
· Шаарда жана шаарчаларда кечки саат 23:00го чейин жаштар кѳнγл ачуу γчγн атайын бий аянтчаларды уюштуруу;
· Мындан ары жаш ѳспγрγмдѳр арасында кылмыштуулуктун алдын алууну жакшыртуу максатында шаардын аймагындагы мектептер, жогорку жана орто окуу жайлар арасында балдарды ынтымакка, ыймандуулукка, патриоттуулукка γндѳгѳн ар кандай иш чараларды (КВН, диспут, спорттук мелдештер, лекцияларды окуу ж.б.) уюштурууну колго алуу жагы.
5. Шаардык билим берγγ бѳлγмγнѳ:
· Шаардын аймагындагы мектептерде окуучулардын коопсуздугун жана ар кандай тартип бузуучулуктарды алдын алуу максатында, ар бир мектепте уюштурулган кγзѳт бѳлγмγнγн ишин кγчѳтγγ.
6. ШИИБγнγн алдындагы жашы жете элек ѳспγрγмдѳр менен иштѳѳ инспекциясы, социалдык ѳнγгγγ башкармалыгынын γй-бγлѳ жана балдарды колдоо бѳлγмγ, шаардык мэриянын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясы, шаардык билим берγγ бѳлγмγ, КЛ-111, Таш-Кѳмγр аймактык колледжи жана ТИПИ биргеликте иш алып баруу жагы сунушталсын.
7. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
8. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жγктѳлсγн.
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин тѳрагасы: |
Кулдышев М.С. |