Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 7
«Шаардык мэриянын “2014-жылга бекитилген жергиликтγγ бюджетке ѳзгѳртγγ жана толуктоо киргизγγ” тууралуу кайрылуу каты жѳнγндѳ».
«Шаардык мэриянын 16.06.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтγγ бюджетке ѳзгѳртγγ жана толуктоо киргизγγ жѳнγндѳ” №03-5/734 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Э.Кулуевдин маалыматын жана чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 19 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Шаардык мэриянын 16.06.2014-жылдагы “2014-жылга бекитилген жергиликтγγ бюджетке ѳзгѳртγγ жана толуктоо киргизγγ жѳнγндѳ” №03-5/734 кайрылуу каты тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы Э.Кулуевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Кѳмγр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин киреше бѳлγгγнγн кѳлѳмγ айыл чарбасына багытталбаган жерлерди сатуудан тγшкѳн каражаттын эсебинен 12 200 (он эки мин эки жγз) сомго жогорулатылып, ѳзгѳртγγ киргизилсин.
3. Таш-Кѳмγр шаарынын 2014-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бѳлγгγнѳ ѳзгѳртγγлѳр киргизилип,
· АРИС тарабынан “Таш-Кѳмγр шаарын суу менен камсыздоо системасын реконструкциялоо” долбооруна ылайык, суу магистралына туш келип, кыркылууга жаткан мѳмѳлγγ 2 ѳрγк дарагынын компенсациясы γчγн, шаардын Уметалиев кѳчѳсγнγнγн № 31 γйγнγн тургуну А.Суранчиевге – 6100 сом жана Баетов кѳчѳсγнγн № 122 γйγнγн тургуну К.Жумабаевге - 6100 сом, жалпы - 12 200 сом, жергиликтγγ бюджеттен шаардык мэрия аркылуу бѳлγнγп берилсин;
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Кулуев) жγктѳлсγн.
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин тѳрагасы: |
Кулдышев М.С |