Загрузка документа…
ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-июну № 8
«Шаардык мэриянын 23.06.2014-жылдагы “Куруучулар” кичи районундагы Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) балансында турган курулушу бγтпѳгѳн 5 кабаттуу γйдγ муниципалдык менчик департаментинин балансына ѳткѳрγп берγγ” тууралуу № 03-3/759 кайрылуу каты жѳнγндѳ»
Шаардык мэриянын 23.06.2014-жылдагы “Куруучулар” кичи районундагы Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) балансында турган курулушу бγтпѳгѳн 5 кабаттуу γйдγ муниципалдык менчик департаментинин балансына ѳткѳрγп берγγ” тууралуу № 03-3/759 кайрылуу каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Бабатаевдин маалыматын жана чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезектеги 19-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 23.06.2014-жылдагы “Куруучулар” кичи районундагы Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) балансында турган курулушу бγтпѳгѳн 5 кабаттуу γйдγ муниципалдык менчик департаментинин балансына ѳткѳрγп берγγ” тууралуу № 03-3/759 кайрылуу каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы С.Бабатаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардын “Куруучулар” кичи районундагы Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) балансында турган курулушу бγтпѳгѳн 5 кабаттуу γйдγ муниципалдык менчик департаментинин балансына ѳткѳрγп берγγгѳ макулдук берилсин.
3. “Куруучулар” кичи районундагы Жалал-Абад областык мамлекеттик администрациясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын (УКС) балансында турган курулушу бγтпѳгѳн 5 кабаттуу γйдγн абалын жерине барып, тактап иликтѳѳ γчγн комиссия тγзγγ жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (С.Бабатаев) жγктѳлсγн.
Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар кеңешинин тѳрагасы: |
Кулдышев М.С |