Редакцияот 26.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-КѲМYР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVI- чакырылышы кезектеги 19 – сессиясы

2014-жылдын 26-июну № 11

“Таш-Кѳмγр шаарынын тургуну Узенбаев Ызатбекти Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн “Эрдик” медалына сунуштоо жѳнγндѳ”

Таш-Кѳмγр шаарынын тургуну Узенбаев  Ызатбекти Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн “Эрдик” медалына сунуштоо тууралуу шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын  тѳрагасы С.Бабатаевдин билдирγγсγн  жана  чыгып  сγйлѳгѳн   депутаттардын  сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап,  Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар Кенешинин  ХХVI- чакырылышынын кезектеги  19 –сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Таш-Кѳмγр шаарынын тургуну Узенбаев Ызатбекти Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн “Эрдик” медалына сунуштоо тууралуу шаардык Ке=ештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын  тѳрагасы С.Бабатаевдин билдирγγсγн  эске алынсын.

2. 2013-жылдын 28-октябрында ѳз ѳмγрγн тобокелге салып, 2009-жылы тѳрѳлгѳн Сапарбекова Айгеримди суудан баатырдык менен куткарып чыгаргандыгы γчγн Таш-Кѳмγр шаарынын тургуну Узенбаев Ызатбекти Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн «Эрдик» медалына сунуштоо жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.

3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизγγ жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

4. Токтом жергиликтγγ массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кγндѳн тартып кγчγнѳ кирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына  (С.Бабатаев)  жγктѳлсγн.

 

Таш-Кѳмγр шаардык депутаттар

кеңешинин тѳрагасы:

 

Кулдышев М.С