САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-ноябры № 60
«Жазы» акционердик коомуна айыл
чарбасына жараксыз жерден кѳмγр сактоого
жана майда курулуш куру γчγн жер бѳлγп
берγγ жѳнγндѳ
“Жазы” акционердик коому ишканасынын тѳрагасы Кимсанов Абдыкеримдин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 38 сандуу кайрылуу катынын негизинде жана кѳпчγлγк депутаттардын макулдугуна ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 8-сессиясы тѳмѳндѳгγдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жазы” акционердик коому ишканасынын тѳрагасы Кимсанов Абдыкеримдин 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 38 сандуу кайрылуу катынын негизинде жана кѳпчγлγк депутаттардын макулдугуна ылайык айыл чарбасына жараксыз жер аянтынан Салам-Алик айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Ак-Терек айылынын Кудук участкасынан кѳмγр сактоо γчγн 3 (γч) жылдык мѳѳнѳт менен 0,80га (сексен) сотых жер аянты бѳлγнγп берилсин.
2. Аталган жер аянтынан Ѳзгѳн райондук шаар куруу жана архитектуралык пландоо башкармалыгынын тийиштγγ документтеринин негизинде майда курулуш куруу γчγн 0,20 га (жыйырма) сотых жер аянты 20 (жыйырма) жылдык мѳѳнѳткѳ бѳлγнγп берилсин.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу айылдык кеңештин экология, турак жай курулуш. транспорт, энергетика боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.
Салам-Алик айыл кеңешинин тѳрагасы: |
Жунусалиев П. |