Загрузка документа…
«БЕКИТЕМИН»
Салам-Алик айылдык Кеңешинин
тѳрагасы __________ П. Жунусалиев
«8» ноябры 2014-жыл
15-Жаш айылы, 2014-жыл
Токой пайдалануучулар « 15-Жаш айылдык эмгек жаматынын
УСТАВЫ
1. Жалпы жобо
1.1.Токой пайдалануучулардын «15-Жаш айылдык эмгек жамааты» (мындан ары Жамаат), Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Жарандык кодексине жана «Коммерциялык эмес уюмдар жѳнγндѳгγ», «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органы жана жергиликтγγ мамлекеттик админстация жѳнγндѳгγ», «жамааттар жѳнγндѳгγ мыйзамдарында жана Аймактык ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнγндѳгγ» жобого ылайык уюштурулат.
1.2. Кыргыз Республикасынын уюмдар жѳнγндѳгγ законун жетекчиликке алган 15 жаш токой пайдалануучулар Жамаатык уюум токой жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана аларды продукталарын иштетγγ, жаратылышты коргоо жана Кыргыз Республикасынын «Кызыл китебине» кирген ѳсγмдγкьѳрдγн жана жаныбарлардын тукумун кѳбѳйтγγ максатында тγзγлгѳн.
1.3. Жамат айылдык Кеңеш тарабынан катталган кγндѳн тартып юридикалык кγчкѳ ээ болот. Жамааттын ѳзγнчѳ акча каражаты, менчик мγлкγ келечекте банкта эсеби жана эмблемасы болот.
1.4. Жамаат ѳзγнγн иштерин Кыргыз Республикаынын коомдук уюмдар жѳнγндѳгγ мыйзамынын жана ушул уставдын негизинде иш жγргγзѳт.
1.5. Жамаат Кыргыз Республикаынын аймагыда жана башка ѳлкѳлѳрдγн уюмдары менен иш жγргγзѳ алат.
1.6. Жааматтын дареги: Кыргыз Респуликасы Ош облусу, Ѳзгѳн району, 15-Жаш айылы.
1.7. Уюмдун толук аталышы:
Кыргыз тилинде « Токой пайдалануучулардын «15-Жаш айылдык эмгек жамааты»
Орус тилинде жамаат « Трудовой жамаат лесопольователей села 15- жаш».
1.8. Статусу: жергиликтγγ
1.9. Жамааттын иштѳѳ мѳѳнѳтγ чексиз.
2. Жамааттын юридикалык статусу
1.1 Жамаат коммерциялык эмес уюм болуп эсептелинет жана жергиликтγγ маанидеги иштерди башкаруу максатында уюштурулат. Жамаат ѳзγнγн максатына жетишγγ γчγн, максатына тура келген чарбалык, ошондой эле ѳндγрγштγк иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана уставдын негизинде жγргγзγγгѳ укуктуу.
1.2 Жамаат айыл ѳкмѳтγндѳ каттоодон ѳткѳндѳн баштап юридикалык
жак болуп эсептеленет.
1.3 Жамаат ѳзγнчѳ балансыга жана мγлккѳ ээлик кылат жана милдеттери боюнча ушул мγлк менен жооп берет, ѳзγнγн атынан мγлктγк жана мγлксγз жеке укуктар жана милдеттерди кабыл алат, сотто доогер жана жоопкер катары катышат, катталган эмблемага, символикага банктын мекемелерде эсептик, валюталык жана башка эсепти ача алат.
1.4 Жамаат мамлекеттик жана жергиликтγγ башкаруу органдарынын милдеттери боюнча жооп бербейт, ал эми алар Жамааттын милдеттери боюнча жооп бербейт.
1.5 Жамаат ѳзγнγн милдеттери боюнча ѳзγ жооп берет. Жамааттын мγчѳлѳрγ милдеттери боюнча жалпы солидардык жооп беришет.
1.6 Жамаат эл аралык мамлекеттик эмес коомдук уюмдарга мγчѳ болуп кире алат жана тγз эл аралык байланыштарды тγзγγгѳ жана тийиштγγ макулдашууларды тγзγγгѳ укуктуу.
1.7 Жамаат ѳзγнγн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мыйзамдары жана ушул Уставка ылайык иш жγргγзѳт.
3. Жамааттын максаттары, милдеттери жана иш багыттары
3.1. Жамаат тѳмѳнкγ максаттар менен уюштурулат:
- жатылышты коргоо чараларын алып бару, токой жана жер ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана булл багытта агитациялык рекламалык иштерди жγргγзγγ;
Жергиликтγγ маанидеги социалдык маселелерди чечγγ;
* Малекеттик бийлик жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органында тийиштγγ аймактын Жамаатынын ѳкγлγ катары чыгуу;
*Кыргызстан « кызыл китебинде» катталган ѳсγмдγктѳрдγн жана жаныбарлардын тγрγн сактап калу жана алардын кѳбѳйγγсγнѳ ѳбѳлгѳ тγзγγ;
3.2. Жамааттын милдеттери
*жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органына мыйзам чыгаруу демилгеси менен чыгат;
*мамлекеттик бийлик жана жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органында тийиштγγ аймактын коомдук кызыкчылыктарынын ѳкγлγ катары чыгат;
*тийиштγγ аймактын ѳнγгγγ программасын жана планын иштеп чыгуу жана жергиликтγγѳз алдынча башкаруу органдарына сунуштоо;
* жергиликтγγ аймактын социалдык инфраструктурасын ѳнγктγрγγ γчγн инвестицияларды тартуу;
*мыйзам чегинде жер маселерин чечγγгѳ айыл ѳкмѳтγнѳ жана жарандарга кѳмѳк кѳрсѳтγγ;
* аз камсыз болгон γй-бγлѳлѳргѳ,майыптарга, жалгыз бой жарандарга, кароосуз калган балдарга кам кѳрγγ боюнча тиешелγγ иш чараларды жγргγзγγ;
* жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары жана мамлкеттик бийлик органдары, сотто жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерде жактоо жана коргоо;
* ошол аймактын социалдык-экономикалык маселелерин талкулоодо жергиликтγγ кеңештердин ишине катышуу;
* социалдык чѳйрѳдѳгγ обьектилерди кабыл алууга аймакты кѳрктѳндγрγγ, жашылдандыруу, оңдоо,санитардык жактан тазалоо ишине катышу;
* саламаттыкты сактоо, билим берγγ, дене-тарбия, экологияга байланыштуу иш-чараларды алып барат, соцалдык жана башка обьектилерди курууга, сактоого жардам берγγ;
* жергиликтγγ кеңештердин, алардын аткаруучу тескѳѳчγ органдарынын жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясынын чечимдеринин аткарылышын кѳмѳк кѳрсѳтγγ;
* чогулуштардын жана жарандардын жыйындарынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
* аймактык коомдук ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагына кирген маселелер боюнча тийиштγγ жергиликтγγ кеңештерге, алардын аткаруучу-тескѳѳчγ органдарына, жергиликтγγ мамлекеттик админстрацияга, ошондой эле мамлекеттик органдарга, ишканаларга,уюмдарга,мекемелерге сунуш даярдашат жана ѳтγнγч кат менен кайрылышат;
* ипотекалык жана башка кредиттерди алууга Жамаат мγчѳлѳрγнѳ кѳмѳк кѳрсѳтѳт;
* айлана-чѳйрѳнγ коргоо, экологиялык тазалыкты сактоого жана инвестицияларды тартууга кѳмѳк кѳрсѳтѳт жана ишке ашырат;
* Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жγзѳгγ ашырат.
3.3. Жамааттын иш багыттары
· Жаратылышты коргоо токой, жер жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
· Токой отургузуу жана кѳрктѳндγрγγ;
· Айыл чарба жана токой продукталарын чогултуу жана иштетγγ;
· Жамааттын ѳз каражатын тγзγγ;
· Жергиликтγγ маселелерин ѳз алдынча чечγγ;
· Сейрек кездешγγчγ ѳсγмдγктѳрдγ жана жаныбарларды коргоо жана аладын жашоо шартын кеңейтγγ боюнча иш аракет жγргγзγγ;
4. Жамааттын укуктары
4.1. Жамаат иш багыттарын турмушка ашыруу саксатында тѳмѳнкγлѳргѳ укуктуу
· банк мекемелеринде эсеп алууга;
· ѳзγнγн атынан келишимдерди тγзγγгѳ,кол алдындагы мγлккѳ ээ болгон жоопкерчиликке, сотко берγγгѳ жана сот алдыда жооп берγγгѳ;
· бизнес проектерди тγзγγгѳ жана инвестицияларды тартууга;
-башкауюмдарга мγчѳ болуп кирγγгѳ;
-жамаат мγчѳлѳрγнѳн алынган кирγγ взносторун, ай сайын алынган мγчѳлγк взностор эсебинен чогултулган акча каражаттарын процентке бирѳѳгѳ берγγгѳ;
-проценттен жана мγчѳлγк акыдан чогулган акчаны табигый кырсыктарын оңдоого, жан-жаныбарлардын жана ѳсγмдγктѳрдγн жашоо шартын жакшыртуу γчγн бѳлγштγрγγгѳ;
-коомдук уюмдардан жана жеке адамдардан имараттарды, курулуштарды айыл ѳкмѳтγнѳн жерди алуга, сатып алуга, кол алдындагы мγлктγ арендага берγγ, сатуга, алмаштыруга, убактылуу колдонуга берγγгѳ;
-аймактын социалдык-экономикалык ѳнγгγшγ боюнча чарбалык ишти ѳз алдынча жγзѳгѳ ашырууга, бул максатта чарбалык эсептеги бѳлγкчѳлѳрдγ тγзγγгѳ;
-келишимдин негизинде тийиштγγ жергиликтγγ кеңештер, алардын аткаруучу-тескѳѳчγ органдары, жергиликтγγ мамлекеттик админстрация, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер жана башка субьектери менен эриш аркак иштѳѳгѳ;
-жергиликтγγ бюджет жана жеке финансалык ресурстарга каралган каражаттардын эсебинен ѳз аймагын кѳрктѳндγрγγ, турак жай фондун жана социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык обьектерди куруу жана оңдоо боюнча иштерди аткарууга заказчы катары чыгууга;
-аймактык социалдык инфраструктурасын ѳнγктγрγγ, жергиликтγγ демилге фондун тγзγγ γчγн калктын, ишкананын, мекеменин жана уюмдардын каражаттарынын негизинде ыктыярдуу кооператив уюштурууга;
-Кыргыз Республикасынын закондоруна каршы келбеген кол алдындагы бардык мγлктγн тγрγнѳ ээлик кылууга, башка жаматтардын, жеке жарандардын, башка мамлекеттин жана Кыргыз Республикасынын кредиттерин пайдаланууга;
-ѳзγнγн максатын жана идеяларын эркин пропагандалоого;
-айыл округунун жγргγзγп жаткан ишин пропагандалоого жана сындоого;
-жана башка мыйзамдар менен каралган укуктарга ээ;
5. Жамаатка мγчѳлγк шарты
5.1. Жамаатын кызыкчылыгын кѳздѳгѳн жана уставын колдогон, кирγγ взносун жана айлык мγчѳлγк акысын ѳз убагында тѳлѳп турган, Ѳзгѳн районунун жана башка аймактын каалаган жараны Жамаатка мγчѳ боло алат. Кирγγ взносун жана айлык мγчѳлγк акысын тѳлѳѳ тартиби Жамааттын жалпы чогулушунда бекитилет;
5.2. Мγчѳлγккѳ кабыл алуу жеке арыздын негизинде жγргγзγлѳт. Мγчѳлγкѳ кабыл алуу жана бошотуу тартиби Жамааттын чогулушунда чечилет;
6. Жамааттын мγчѳлѳрγнγн укуктары жана милдеттери
6.1. Жамаат мγчѳлѳрγ тѳмѳнкγ укуктарга ээ.
-Жамааттын башкаруу органына шайланууга жана шайлоого катышууга;
-Жамаат тарабынан жγргγзγлгѳн программалык иштерге катышууга;
-жамааттын иши жѳнγндѳ керектγγ маалымат алууга, сунуш киргизγγгѳ;
-жамааттан каалаган мезгилде чыгып кетγγгѳ;
-ѳз пикирин жана идеяларын сунуш кылууга;
-Жамааттан чыккан адам кирγγ взносторун проценти менен таштап кетγγгѳ жана ай сайын тѳлѳп турган мγчѳлγк взносту процентсиз алып кетγγгѳ.
6.2. Жамаат мγчѳлѳрγ милдеттγγ.
-Жамаат уставын аткаруга, кирγγ взносун жана мγчѳлγк акыларын ѳз убагында тѳлѳѳгѳ;
-Жамаат кызыкчылыгын коргоого;
-Жамаат тапшырган иштерди ѳз убагында аткарууга;
6.3. Жамааттын мγчѳлγгγнѳн, бирикменин жогорку органы жалпы чогулуштун чечими менен тѳмѳнкγ учурларда чыгарылат, 30 кγн мурда эскертилет жана жалпы чогулушта сγйлѳѳгѳ мγмкγнчγлγк берилет;
-ушул уставдын талабын одоно бузган мезгилде;
-Жамааттын кызыкчылыктарына моралдык жана материалдык зыян келтиргенде;
-Жамааттын мγчѳлγк взносторун кѳрсѳтγлгѳн мѳѳнѳттѳрдѳ тѳлѳѳдѳн баш тартканда;
7. Жамаат мγлкγ жана каражаттары
7.1. Жамааттын кол алдындагы имараттар, курулуштар, арендага алган жерлер, акча каражаттар жамааттын мγлкγн тγзѳт;
7.2. Жамаат ѳз ишин, тапкан киреше, мγчѳлγк взностор жана башка тγшкѳн акча жана мγлк каражаттарынын эсебинен жγзѳгѳ ашырылат;
Жамааттын акча жана мγлк каражаты тѳмѳнкγлѳрдγн эсебинен тγзγлѳт:
-Жаматтын мγчѳлѳрγнγн мγчѳлγк жана кирγγ акыларынан;
-жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдын негизинде ѳткѳрγп берген мγлк каражаттарынан;
-Кыргыз Республикасынын жана чет элдик жарандардн жана юридикалык жактардын акысыз жана кайрымдуулук салымдарынан;
-Жамааттын ѳндγрγштγк, чарбачылык жана башка ишкердиктин тγрлѳрγнѳн тγшкѳн кирешеден;
-уставда каралган лекция, кѳрсѳтмѳ, лоторея, спорттук оюндар жана башка иш-чаралардан тγшкѳн кирешеден;
-банк жана башка финансылык мекемелеринен (анын ичинде чет элдик уюмдардан) алынган кредиттик жана заемдик каражаттардын эсебинен;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган жана башка кирешелерден;
7.3. Жамааттын каражатары тѳмѳнкγ максаттарга жумшалат:
-устадык максаттарын ишке ашырууга;
-кызматкерлеринин эмгек акысына;
-кайрымдулук максаттарга;
-Жамааттын мγчѳлѳрγнѳ материадык жардам кѳрсѳтγγ γчγн;
-Жамааттын ишин алып бару γчγн керектелγγчγ мγлк сатып алуу жана ижара акысына;
-аймактын социалдык ѳнγгγшγнѳ;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставка каршы келбеген башка иштерге;
7.4. Жамааттын менчик укугунун обьектиси болуп, акча каражаттары, акциялар, баалуу кагаздар, имараттар, турак жайлар, транспорт каражаттары, ошондой эле уставда каралган иш аракеттерин аткарууга керектелγγчγ башка мγлк болот;
7.5. Ѳндγрγштγк, чарбачылык статусу бар ишканаларды Кыргыз Републикасынын мыйзамдарына ылайык тγзγγгѳ укуктуу. Ѳндγрγштγк, чарбачылык жана башка коммерциялык иш-аракетинен тапкан киреше Жамааттын максаттарын ишке ашыру γчγн жумшалат;
8. Жамааттын башкаруу органдары
8.1. Жамааттын башкаруу органдары:
-Мγчѳлѳрдγн жалпы чогулушу;
-Жамааттын тѳрагасы;
-Ревизиондук комиссиясы;
Жамааттын мγчѳлѳрγнγн жалпы чогулушу Жамааттын эң жогорку башкаруу органы болуп эсептелинет жана бардык бирикменин мγчѳлѳрγнѳн турат.
Жамааттын жалпы чогулушу бир жылда бир жолу, ал эми кезексиз жалпы чогулуштун заседаниеси талапка ылайык чакырылат. Жалпы чогулушта чечим жѳнѳкѳй кѳпчγлγк добуш менен кабыл алынат. Жалпы чогулуш чечим кабыл алууга мγчѳлѳрдγн 3-2 γчтѳн экиси катышкан учурда кворумга ээ болот.
Жамаат чечимди заседание ѳткѳрγγ же болбосо жазуу тγрγндѳ суроо жγргγзγγ менен кабыл алынышы мγмкγн. Жалпы чогулуштун заседаниесин ѳткѳрγγ жана жазуу тγрγндѳ суроо жγргγзγγ бирикменин регламенти менен каралган тартипте жγргγзγлѳт.
Жалпы чогулуштун чечимин бардык бирикменин мγчѳсγ аткарууга милдеттγγ.
Кезексиз жалпы чогулуш тѳмѳнкγ учурларда чакырылат:
-тѳраганын демилгеси боюнча;
-Жамааттын мγчѳлѳрγнγн 20 % демилгеси боюнча;
-ревизиондук комиссиянын демилгеси боюнча;
-Жамааттын мγчѳлѳрγнγн жалпы чогулушу тѳраганын компетенциясына кирбеген, бирикменин бардык иши боюнча чечим кабыл алуга укуктуу;
8.2. Жамааттын мγчѳлѳрγнγн жалпы чогулушунун негиги компетенциясы:
-уставка ѳзгѳртѳѳлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ;
-Жамааттын негизги иш багыттарын жана мγлкγн колдонуунун тартибин аныктоо;
-Жамаатка мγчѳлγккѳ кабыл алуу жана мγчѳлγктѳн чыгаруу;
-Жамааттын башкаруу органдарын тγзγγ;
-жылдык отчет жана жылдык балансты бектγγ;
-башка уюмдарга мγчѳ болуу;
-Жамаатты реоорганизациялоо жана жоюуу;
-Жамааттын башкаруу органдарынын компетенциясына кирбеген жана башка маселелерди чечет.
8.3. Жамааттын тѳрагасы Жамааттын жалпы чогулушунун ортосунда Жамааттын ишин башкарат. Тѳрага Жамааттын мγчѳлѳрγнγн жалпы чогулушунда Жамааттын мγчѳлѳрγнγн ичинен 3 жылдык мѳѳнѳткѳ шайланат.
8.4. Тѳрага ушул Уставдын талабына жана кыргыз Республикасынын мыйзамдарына тура келбеген иш аракеттеди жасаган учурда жана Жамааттын кызыкчылыктарына моралдык жана материалдык зыян келтиргенде жалпы чогулуштун чечими менен мѳѳнѳтγнѳн мурда кызматынан чыгарылышы мγмкγн.
Жамааттын тѳрагасы жалпы чогулушка баш ийет жана тѳмѳнкγ иштерди аткарат:
-жалпы чогулушту ѳткѳрѳт жана жыйында каралуучу маселелерди аныктайт;
-башкарманын тѳрагасы башка юридикалык жактар, жарандар жана ишканалар, уюмдар менен карым катнаш тγзγγдѳ Жамааттын кызыкчылыктарын алып барат;
-Жамааттын финансылык жана чарбалык ишин башкарат;
-бекитилген укуктарына ылайык акчалай жана мγлктγк каражаттарды жумшайт жана банк мекемелеринде эсеп счетторун ачат;
-Жамааттын штаттык кызматкерлерин ишке алуу жана бошотуу жѳнγндѳ буйрук чыгарат;
-Жамааттын кызматкерлерин жана мγчѳлѳрγн сыйлоо боюнча чечим кабыл алат;
-Жамааттын укуктарын жана кызыкчылыктарын сот жана мамлекеттик органдардын алдында жактайт жана коргоого алат;
9. Ревизиондук комисиясы
9.1.Ревизиондук комиссиясы -Жамааттын тѳрагасынын финансылык жана чарбачылык ишине кѳзѳмѳл жγргγзγγчγ орган болуп эсептелинет. Ревизиондук комиссиясы жылдык отчет жана баланс боюнча корутунду тγзѳт жана жалпы чогулуштун кароосуна коет;
9.2. Ревизиондук комисиясы Жамааттын жалпы чогулушунда 3 жылдык мѳѳнѳткѳ бирикменин мγчѳлѳрγнѳн 3 кишиден турган курамда шайланат. Текшерγγ комиссиясы ѳз ишин коомдук милдет катары акысыз тγрдѳ аткарат.
10. Жамаатты жоюу
10.1. Жамаат ѳз ишин жалпы чогулуштун чечиминин негизинде же болбосо соттун чечиминин негизинде мыйзамга ылайык тартипте токтотот.
10.2. Жамаат ѳз ишин токтотуу Жамаатты реоорганизациялоо, же болбосо жоюу жолу менен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-98 ст. каралаган тартипте жγргγзγлѳт.
10.3. Бирикмени реоорганизациялоо бирикменин чечимине ылаык бирикменин укуктарын жана милдеттерин кабыл алуучуларга ѳткѳрγγ жолу менен жγргγзγлѳт;
10.4. Мамлекеттик органдар жана кредиторлор менен толук эсептешγγ жγргγзγлгѳндѳн кийин калган мγлк Жаматтын уставдык максаттары γчγн жумшалат;
10.5. Жамаатты реоорганизациялоо жана жоюуудан калган бирикменин документтери Кыргыз Республиксынын «Улуттук архив фондусу жѳнγндѳгγ» мыйзамга ылайык сакталат.
Токой пайдалануучулардын 15 жаш айылдык эмгек жамаатынын жетекчиси: |
Кулмурзаев С. |