Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-августу № 2
Жалал-Абадсууканал башкармасына Европалык өнүктүрүү Банкынын кредиттик негизде каржыланган транспорт каражаттарын күрөөгө коюууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абадсууканал башкармасынын 10.07.2014-жылдыгы № 1-3/259 сандуу каты, «Жалал-Абадсууканал» башкармасы менен Реконструкция жана өнүктүрүү Европалык банкынын ортосундагы «Жалал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо» долбоорлук келишимдин шарттарын жана шаардык кеңешинин кеңейтилген бюджет, экономика, каржы жана салыктар, курулуш, транспорт комуналдык чарба жана байланыш, социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссияларынын кеңейтилген отурумунда каралып чыгып, комиссиялардын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абадсууканал башкармасынын Европалык Өнүктүрүү Банкынын кредиттик негизде каржыланган транспорт каражаттарын күрөөгө коюууга уруксат берилсин.
2. Жалал-Абадсууканал башкармасына Европалык өнүктүрүү Банкынын кредиттик негизде каржыланган КАМАЗ КО-505А мам.№ 2806 DA жана ЗИЛ КО-502D мам.№ 2807 DA транспорт каражаттарын макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна жиберүү Жалал-Абадсууканал башкармалыгынын башчысына (А. Мусаев) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага орун басары: | Н.Исмаилов |