Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-июлу № 8/5
Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жыл №403-токтомунун
негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмүн жана штаттык санын кароо
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде ,Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТМО КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги төмөндөгүдөй болуп бекитилсин
1. Айыл өкмөт башчысы
2.Жооптуу катчы
3 .Экономика бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтер
Башкы адистер
4 .Коммуналдык, турак-жай жана жер боюнча адис
5. Мал чарбасы жана ветеринария боюнча адис
6.Инвестиция тартуу жана юридикалык иштер боюнча адис
Жетектөөчү адистер
7.Социалдык маселелер боюнча адис
8 .Салык боюнча жетектөөчү адис
Адистер
9.салык боюнча адис
10.салык боюнча адис
2. Айылдык аймактын административдик борбору саналган калктуу пункттан тышкары ар бир калктуу пунктта жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен айыл башчысы
3. жалпы аскердик милдеттердин талаптарын камсыздоо үчүн аскердик эсепке алуу персоналынын саны каттоодо 300гө чейинки аскерге милдеттүү жан аскерге чакырылуучу болсо бир кызматкер, каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу бар болсо эки бошотулган кызматкер
4. Бул штат бирдиктерин сактоо менен ар бир кызматкерди өзү тандап алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т Жунушалиевге милдеттендирилсин.
5. Жогорудагы бекитилген штаттык бирдиктерди тактап өкмөттүн токтомуна ылайык келтирүү жана токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К. Темиралиевге тапшырылсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |