Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 9/1
«Жергиликтүү административдик аймагына» жер салыгын 1.2.3. топторуна
Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу
менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн
көбөйтүү максатында Кз зоналдык коеффицентин бекитүү жөнүндө.
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн убактылуу башчысы К. Темиралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн «Жергиликтүү административдик аймагына» төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин:
• айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
• калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
• короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
• мүлк салыгынын 1.2.3.4 топтогу обьектилери
• Кз зоналдык коеффиценти 1(бир) өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктарга бекитилсин:
• жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1.2.3 топтогу обьектилерине Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз Зоналдык коеффицентти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алууга жөнөтүлсүн.
1. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |