Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-декабры № 11/6
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылында
бала-бакча ачып мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылындагы жамаааттык топтун лидери Эшбаева Күлүкандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Мойнок айылына 25 орундуу бала-бакча ачылсын жана бала-бакча эл баатыры «Мисирбек Кубатбеков» атындагы деп аталып Уставы бекитилсин.
2. Тийиштүү имарат менен камсыз кылуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аткаруучу тескөөчү органына тапшырылсын.
3. «Мисирбек Кубатбеков» атындагы бала-бакчасын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы бала-бакчанын тарбиячысы Кадыркулова Рахатка тапшырылсын.
4. «Мисирбек Кубатбеков» атындагы бала-бакчасын мамлекеттик каржылоого өткөрүп берүү жагы Кочкор райондук финансылык бөлүмүнөн суралсын.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |