Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-январы № 12/2
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылындагы көчөгө Улуу ата
мекендик согуштун катышуучусу Курткаев Исмайылдын ысымын берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Орток айылынын түштүк тарабындагы чет көчөсүнүн жалпы тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы Орток айылындагы чет көчөгө Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу Курткаев Исмайылдын ысымы ыйгарылсын.
2.Көчөнү оңдоп түзөп, ирээтке келтирүү жагы , Орток айылынын тургуну Исмаилов Мажитке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |