Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-январы № 13/1
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун
жерлерин ижарага берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Садыковдун билдирүүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл өкмөтүндө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлеринин ижара акысы 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө ижара мөөнөтү 7 (жети) жылга чейин,көп жылдык мөөнөт менен бериле турган түшүмдүүлүгү начар жерлердин ижара акысы 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө, ижара мөөнөтү 49 (кырк тогуз) жылга чейин бекитилсин.
2. Ижарага бөлүнүүчү жерлер ижарачыга 5 (беш)гектарга чейин берилсин, мындан сырткары айыл элдеринин суроо-талаптарынын негизинде Кызыл-Дөбө айылында жайланышкан ижарага бериле турган жерлер 1 (бир) гектардан бөлүнсүн.
3. Мантыш айылынын аймагында айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун түшүмдүү жерлери жок болгондугуна байланыштуу Акталаа жана Орток айылынын аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун түшүмдүү жерлеринин 20 (жыйырма) пайызы Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан Мантыш айылынын тургундарына тикелей бөлүнүп берилсин.
4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага алуучулар кайра ижарага берүүгө тыйуу салынсын,эгерде ижарага бергендиги аныкталса келишими бузулуп ижара жери кайтарылып алынсын.
5.Жер тилкесин мыйзам чегинде бөлүштүрүп берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы менен бирдикте ,Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жер адиси М. Садыковго милдеттендирилсин
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |