Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-январы № 13/2
«Кара-Суу айыл өкмөтүн өнүктүрүүнүн «Жол картасын» бекитүү жөнүндө
2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга Кара-Суу айыл өкмөтүн өнүктүрүүнүн « Жол картасы » жөнүндөгү Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн стратегиясынын негизинде иштелип чыккан Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2014-2017-жылдарга өнүгүүсүнүн иштелип «Жол картасы» бекитилсин.
2. Жол картасында көрсөтүлгөн, айыл өкмөттүн аймагындагы айылдардын социалдык экономикалык өнүктүрүүнүн ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, реалдуу натыйжаларга жетишүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |