Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-апрели № 16/3
2014-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын баалары жөнүндөгү элдик жыйындардын протоколун талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2014-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1.Айдоо (соко) 1 га. 1000 сом ; 25 литр күйүүчү май.
2. Малалоо бир сыйрасы 1 га .200 сом; 10литр күйүүчү май.
3. Планировка 1га 200 сом; 10литр күйүүчү май.
4. Себүү (сеялка) бир сыйрасы 1га. 250 сом 10 литр күйүүчү май.
5. Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1га. 350 сом 15 литр күйүүчү май.
5. Арык тартуу узундугуна карабай 50 сом 5литр күйүүчү май.
6. Эгин чабык 1 га 1000сом 25 литр күйүүчү май.
7. Чөп чабык 1 га 1000 сом – 600 сом 10 литр күйүүчү май.
8. Чөп таңгактоо 5 сомдон 10 литр күйүүчү май.
9. жер сугат – 500 сомдон
10. Кара сугат – 1000 сомдон
11. Эгин тартуу – 300 сом 10 литр май
2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Жунушалиевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин тѳрагасы: | Т.Курткаев |