КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (V чакырылышы)
I-сессиясы
2013-жылдын 15-январы № 1/4
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук
башталыштагы орун басарларын шайлоо жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы № 101 Мыйзамынын 38–беренесине негиз, маселени талкуулоодо депутаттар, фракциялар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары экөө болсун.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлары болуп СДПК фракциясынан депутат Джураев Сайдолимжан Маруфович жана республика фракциясынан депутат Кыргызбаева Бүбүниса Хабибилаевна шайланды деп эсептелсин.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |