Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-январы № 3/6
Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл–Кыя шаарынын мэрин шайлоо боюнча протоколдору жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 3–бөлүгүнүн 1) пунктуна, 43–беренесинин 3–жана 4–бөлүктөрүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2013–жылдын 10–январындагы №3 токтомуна, ал токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графигине” жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011–жылдын 27–декабрындагы №424 токтому менен бекитилип, 2012–жылдын 19–ноябрындагы № 142 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2013–жылдын 28–январындагы Баткен областынын Кызыл–Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.
2. Ушул токтомдун бир нускасы Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |