Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-майы № 5/15
Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюмиге
“Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл–Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2013–жылдын 16–апрелиндеги №90 кайрылуу катын, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюминин шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга жана шаарда социалдык обьектилердин курулушуна кошкон салымын, көп жылдардан бери шаар бийлиги менен тыгыз байланышта үзүрлүү эмгектенип келе жатканын баалап, Кызыл–Кыя шаарынын Уставынын 21 – бөлүмүнүн 116 – жана 117 – беренелерине негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюмиге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылсын.
2. Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын президенти Саид Баюмиге “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүктү жана куттуктоо катын тапшыруу Кызыл–Кыя шаарынын мэри А.Халмурзаевке тапшырылсын.
3. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, урп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык кеңештин аппаратына эки айлык мөөнөттө “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу боюнча жобону, ал жободо “Кызыл-Кыя шаарынын ардактуу жараны” наамы ыйгарылган атуулдарга төш белги жана шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен женилдиктерди (льготаларды) берүү жагын кароо менен иштеп чыгып, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна алып чыгуу жагы тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |