Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-майы № 5/16
“Исфайрам-Тактек” каналын куруу долбоорун Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2017–жылдарга өнүгүү Стратегиясына киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, Кызыл–Кыя шаарында “Исфайрам-Тактек” каналын куруу долбоорун Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2017–жылдарга өнүгүү Стратегиясына киргизүү жөнүндө “Исфайрам–Тактек” коомдук фондусунун 2013–жылдын 26–февралындагы №59 кайрылуу каты шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштаган чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын 2013–2017–жылдарга өнүгүү Стратегиясын кабыл алууда “Исфайрам-Тактек” каналын куруу долбоорун шаардын өнүгүү Стратегиясына киргизүү сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А. Маткалыковго тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |