Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 5-июлу № 7/20
Баткен областынын Кызыл –Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнөн жана саясый партиялардан резервке көрсөтүлгөн талапкерлерлерди сунуштоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 30–июнундагы №62 Мыйзамынын 19–беренесинин 1–бөлүгүнө, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21–1–беренесинин 1–бөлүгүнүн 4)–пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясын 2013–жылдын 6–майындагы №65 токтомуна негиз, Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына резервке талапкерлерди көрсөтүү боюнча материалдар менен таанышып, маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен областынын Кызыл–Кыя шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрүнөн жана саясый партиялардан резервке көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына сунушталсын (Көрсөтүлгөн талапкелердин сапаттык курамы жөнүндө маалымат тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А. Маткалыковго тапшырылсын.
Төрага | А. Келдибеков
|