Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу № 8/21
Кызыл–Кыя шаарынын жайыт комитетинин элдерди жайыт менен камсыз кылуу, жайытка баруучу жолдорду оңдоп калыбына келтирүү жана жалпы эле жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2013–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын жайыт комитетинин элдерди жайыт менен камсыз кылуу, жайытка баруучу жолдорду оңдоп калыбына келтирүү жана жалпы эле жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө “Ак–Булак” жайыт комитетинин төрагасы А.Маматовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарына таандык болгон жайыттардын жерлеринен мыйзамсыз берилип кеткен жайыттардын жерлерин жайыт комитетине кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүү Кызыл–Кыя шаарынын “Ак–Булак” жайыт комитетинин төрагасы А.Маматовго милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарынын жайыт комитетинин фермерлерди жайыт менен камсыз кылуу, жайытка баруучу жолдорду оңдоп калыбына келтирүү боюнча 2012–жылда жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык эмес, быйылкы жылы жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди четтетүү, элдердин малдарын жайлоого чыгаруу жана аларды жайлоого жайгаштыруу боюнча тез арада тийиштүү чараларды көрүп, ал иштерди аягына чыгаруу жагы “Ак–Булак” жайыт комитетинин төрагасы А.Маматовго милдеттендирилсин.
4. Кызыл–Кыя шаарынын “Ак–Булак” жайыт комитетинин жаңы шайланган төрагасы А.Маматовго 2013–жылдын декабрь айында жылдын жыйынтыгы менен жайыт комитетинин элдерди жайыт менен камсыз кылуу боюнча жүргүзгөн иштери жөнүндө отчет берүү жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |