Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 16-августу № 8/22
Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” АБнын дыйкандарын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча СПАлардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2013–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” АБнын дыйкандарын сугат суу менен камсыз кылуу боюнча СПАлардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Караван айылындагы «Беш–Баатыр» СПАсынын аткаруучу директору А.Жаликуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Жылдагыга караганда “Тешик арык” каналы жана “Миң–Булак” арыгы эртераак сапаттуу тазаланып, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу бир кыйла жакшыргандыгы, бирок бул көрүнүш дыйкандар жерлерине сугат сууну аз талап кылуучу мөмөлүү бак–дарактарды жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп жаткандыгынан болуп жаткандыгы белгиленсин.
3. Кызыл–Кыя шаарына караштуу “Караван” АБнын Караван айылындагы «Беш–Баатыр» СПАсынын аткаруучу директору А.Жаликуловго жана Ак–Булак айылындагы “Ак–Булак–Дыйкан” СПАсынын аткаруучу директору М.Абдуваповго “Ош–Исфана” автожолун реконструкциялоо иштерин жүргүзүү убагында шаардын Т.Кулатов атындагы жана Караван айылынын А.Кыпчаков атындагы көчөлөргө коюлган сугат суу, селдин суулары өтүүчү көпүрөө, бетон трубалардын суу өтүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, аларды реконструкциялоо жана кошумча трубаларды орнотуу боюнча сунуштарды шаардын мэриясына 2 жумалык мөөнөттө берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Маткалыков |