Редакцияот 16.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 16-августу № 8/23

Кызыл–Кыя  шаарына караштуу “Караван”  аймактык башкармалыгынын 2012–жылда жүргүзгөн  иштери жана 2013–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринин абалы жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2013–жылга кабыл алынган  иш планына ылайык, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл–Кыя  шаарына караштуу “Караван”  аймактык башкармалыгынын 2012–жылда жүргүзгөн иштери жана 2013–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринин абалы, быйылкы жылы өстүрүлүп жаткан түшүмдү жыйноого көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө аймактык башкармалыктын башчысы А.Зулпуевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Кызыл–Кыя  шаарына караштуу “Караван”  аймактык башкармалыгынын   2013–жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы–талаа иштеринде жана 2013–жылдын түшүмүн жыйноого көрүлүп жаткан даярдыктарда орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча тез арада тийиштүү чараларды көрүү жагы аймактык башкармалыктын башчысы А.Зулпуевке милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  агрардык маселелерди курировать кылган шаардын 1–вице–мэрине жана шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыя шаардык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Маткалыков