Редакцияот 16.08.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 16-августу № 8/24

“Кызыл–Кыя  шаарынын ардактуу жараны” жөнүндө Жобо жана шаардын ардактуу жараны наамы ыйгарылган жаранга берилүүчү төш белгинин үлгүсү тууралу

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2013–жылдын 23–майындагы №5/15 токтомун 3–пунктун аткаруу максатында, шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын ушул маселени карап, маселени сессиянын кароосуна сунуштаган чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан берилген сын–сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. “Кызыл–Кыя  шаарыннын ардактуу жараны” жөнүндө Жобо алымча кошумчалары менен бекитилсин. (Жобо тиркелет).

2. “Кызыл–Кыя  шаарыннын ардактуу жараны” наамы ыйгарылган жаранга берилүүчү төш белгинин үлгүсү бекитилсин. (Төш белгинин үлгүсү тиркелет). 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы  шаардык кеңештин  укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыя шаардык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Маткалыков