Загрузка документа…
С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-февралы № 9-2
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылда социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγн камсыз кылууда айыл ѳкмѳтγ тарабынан аткарылган иштер жана 2014-жылда айыл ѳкмѳтγнγн ѳнγгγγсγнγн стратегиялык планы, 2017-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ
С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылда социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγн камсыз кылууда айыл ѳкмѳтγ тарабынан аткарылган иштер жана 2014-жылда айыл ѳкмѳтγнγн ѳнγгγγсγнγн стратегиялык планы, 2015-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин отчетун угуп жана талкуулап, депутаттардын сын-пикир, жана сунуштарын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2013-жылда социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγн камсыз кылууда айыл ѳкмѳтγ тарабынан аткарылган иштер жана 2014-жылда айыл ѳкмѳтγнγн ѳнγгγγсγнγн стратегиялык планы, 2015-2017-жылдарга болжолу жѳнγндѳ айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Ш. Файзуллаевдин отчету эске алынсын.
2. С. Юсупова айыл Ѳкмѳтγнγн 2015-2017-жылдарга социалдык- экономикалык ѳнγгγγсγнγн стратегиялык планы жактырылсын.
3. Айылдык Кеңештин аймагында социалдык-экономикалык ѳнγгγγнγн камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык деңгээлин жогорулатуу, айыл ѳкмѳтγнγн башкаруучулугун ѳнγктγрγγ, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл Ѳкмѳтγнγн аппаратында иштеген кызматкерлерди жоопкерчилигин кγчѳтγп алардын илимий-практикалык жѳндѳмγнѳн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл ѳкмѳтγнγн бюджетинин киреше бѳлγмγнγ толуктап, чыгаша бѳлγмγндѳ кѳрсѳтγлгѳн чыгымдардан максатуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.
4. Республикабызда «Мамлекеттγγлγктγ бекемдѳѳ» облуста «Айыл аймактарынын инфраструктураларын ѳнγктγрγγ» ал эми районубузда «Айыл маданиятын кѳтѳрγγ» жылы деп жарыяланышынан келип чыккан иш-чараларды жана элдин турмуш дегээлин жогорулатуу багытында кабыл алынган программаларды, 2014-2015-жылдарда айыл ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык ѳнγгγγсγ боюнча турмушка ашырылуучу иш-чараларды жандандыруу, жакыр, колунда жок γй-бγлѳлѳргѳ даректγγ жардам берип аларды экономикалык-маданий, рухий жактан ѳсγп-ѳнγгγγсγнѳ кѳмѳк кѳрсѳтγγнγ уюштуруу жагы колго алынсын.
5. Учурдагы базар экономикасынын шартында агрардык сектордо иштеп жаткан дыйкан-фермер чарбаларына жакындан практикалык жардам берип, кредит менен иштѳѳ ыкмаларын γйрѳтγп, инвестицияларды тартуу менен кайра иштетγγчγ кичγγ сехтердин ишин жандандырып, жаңыларын куруу менен жаңы жумуш орундарын тγзγγ, ѳз ара жардамдашуу топторун, жамаатык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
6. 2014-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу γчγн белгиленген иш-чаралардын ѳз убагында так аткарылышын камсыз кылууда айылдарды кѳрктѳндγрγγ жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жγзѳгγ ашырууда айыл ѳкмѳтγнγн аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку деңгээлге кѳтѳрγγ айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
7. Айыл Ѳкмѳтγнγн аппаратынын кызматкерлери 2014-жылда тѳмѳнкγ маселелерге ѳзгѳчѳ кѳңγл бурсун:
· Айыл чарба тармагында айыл чарба кооперативдерин, кызмат кѳрсѳтγγчγ сервистерди тγзγγ, пайдаланылбай калган жерлердин кѳлѳмγн кыскартуу, дыйкандар ѳндγргѳн айыл чарба азык-тγγлγктѳрдγн сатып ѳткѳрγγ маселелерине;
· Финансы-экономикалык иштерде айыл ѳкмѳтγнγн бюджетин киреше жана чыгаша бѳлγгγнγн аткарылышына, айыл ѳкмѳтγнγн балансындагы муниципалдык менчикте турган имараттарды (аялдама, стадион, ж.б.) ижарага берип кошумча киреше табууга жана айыл ѳкмѳтγнγн ѳзγндѳ табылган кирешени кѳбѳйтγγ боюнча ачык айкын иш алып барууга;
· Ички жана тышкы инвестиция тартуунун кѳлѳмγн жогорулатууга, тγрткγ берγγчγ грант менен иштѳѳгѳ, бул маселелде долбоор менен иштѳѳ иштерин жакшыртууга;
· Жаңы жумуш орундарын тγзγγгѳ жумушсуздуктун жана жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу багытында аткарылуучу иштерди кγчѳтγγгѳ, бул багыттагы цифраларды дайыма так болушун камсыз кылуу γчγн райондук жумуштуулук жана миграция комитети, райондук социалдык коргоо башкармасы менен тыгыз байланышта иш жγргγзγγгѳ;
· Кичи жана орто бизнести ѳнγктγрγγдѳ чечкиндγγ чараларды кѳрγγгѳ, алардын райондук статистика комитетинин каттоосунан ѳтγγсγнѳ жана патент менен камсыз болуусуна толук шарт тγзγп берγγгѳ;
· Салык тѳлѳмдѳрγн ѳндγрγγдѳ кайра бѳлγштѳрγγ фондунун жерлеринин ижара акыларын толук кѳлѳмдѳ ѳндγрѳлγшγн камсыз кылууга, ижара акыларын такай тѳлѳбѳй жаткан ижарачылар менен иш жγргγзγγдѳ укук коргоо органдарынын мγмкγнчγлγктѳрγнѳн пайдаланууга;
· Элди таза суу менен камсыздоо ишинде СООВВПлардын иштерин жакшыртууга;
· Сугат сууду γнѳмдѳп пайдалануу менен ага болгон карыздын ѳз убагында ѳндγрγлγшγн кѳзѳмѳлдѳѳ АВП лардын иштерин жакшыртып, алардын иштерине болгон кѳзѳмѳлдγ кγчѳтγγгѳ;
· Ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу γчγн жеке ишкерлердин мγмкγнчγлγгγн кеңири пайдаланууга;
· Жаштар саясаты боюнча иш жγргγзγγдѳ дене-тарбия жана спортту жандандыруу ишине кѳңγл буруп, айыл ѳкмѳтγнγн жаштар иштери боюнча иштерди жандандырууга;
· Социалдык чѳйрѳдѳ билим берγγ, медицина, маданият мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоого жана ѳркγндѳтγγгѳ;
· Кылмыштуулукка каршы кγрѳшγγдѳ коомдук тартипти чыңдоодо жана диний экстремизимдин алдын алууда аксакалдар соту, ардагерлер кеңеши, аялдар кеңеши, маала комитеттерин иштерин жандандыруу менен коомдук алдын алуу борборунун иштерин жакшыртууга ѳзгѳчѳ кѳңγл бурууга;
· Урп-адаттарды, кадаа-салттарды кѳзѳмѳлдѳѳдѳ аксакалдар, аялдар кеңештериин жана аксакалдар сотторунун иштеринин таасирин кγчѳтγγгѳ;
· 2014-жылда айыл ѳкмѳтγнγн алдында турган милдеттерди эл арасында тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγгѳ ѳзгѳчѳ кѳңγл бурууга;
· Бул маселелердин аткарылышын камсыз кылуу γчγн айыл ѳкмѳтγнγн аппаратында иштеген кызматкерлерге болгон талап кγчѳтγлсγн, алардын жоопкерчилигин айыл ѳкмѳтγнγн отурумдарында жана айыл кеңешинин сессияларында кароо иштери кеңири практикалансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы С. Юсупова айыл Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана айыл Ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
М.Мамасаидов |